МААЛЫМАТ ПОРТАЛЫ

Эмомали Рахмон элди эмоцияга алдырбоого чыкырды

18.04.2022

Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон Кыргызстан менен болгон чек ара маселелерин эртерээк чечүүнү жактай турганын айтып, Исфара шаарынын тургундарын «эмоцияга алдырбоого» чакырды.

Рахмон Исфаралыктар менен сүйлөшкөндө тажик-кыргыз чек арасын демаркациялоо жана делимитациялоону «өзөктүү маселелердин бири» деп атап, сүйлөшүү жолу менен чечүүнү жактай турганын билдирди.

Айта кетсек, Тажикстандын Кыргызстан менен Исфара районундагы чек арасы эң аялуу аймактардын бири. Көп жылдан бери эки өлкө чек ара маселеси боюнча толук мунасага келе элек.

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram

Fакт TV

1650

79 600

Акыркы кабарлар