МААЛЫМАТ ПОРТАЛЫ

Садыр Жапаров:“Биздин коомчулукка жакшы иш жасасаӊ да, жаман иш жасасаӊ да жакпайсың”

16.04.2022

 “Ысык-Көл” мейманканасынын ордуна салынып жаткан жаңы Ак Үйгө бюджеттен акча коротулбайт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, жаңы Ак Үйдү кургандарга акы катары президенттин иш башкармалыгына караштуу 16 гектар жер берилет.

“Биздин коомчулукка жакшы иш жасасаӊ да, жаман иш жасасаӊ да жакпайсың.

Ошол үчүн мурдагылар эч нерсе жасабай эле жыргап олтура берейинчи деп тажаган сыяктуу? “Ысык-Көл” мейманканасынын ордуна салынып жаткан Ак Үйгө мамлекеттин бир тыйын акчасы кеткен жок. Болгону президенттин иш башкармалыгына караштуу 16 гектар жерге алмашып жатабыз. Биз жер бердик, алар имарат куруп берди. Бүттү. Ансыз деле мамлекетке караштуу жерлерди 30 жылда талап-тоноп бүтүшүптүр. Бул 16 гектар жер деле бир күнү жеке колдорго өтүп кетмек. Андан көрө мамлекеттин пайдасына бир имарат туруп калсын дедик. Эч кам санабаӊыздар. Ар бир жасаган ишибиз, кабыл алган чечимдерибиз жалпы элдин, мамлекеттин гана пайдасына болот”, – деп жазган мамлекет башчысы.

Ошондой эле Садыр Жапаров 16 гектар жер кыргыз курулушчуларына берилгенин, алар ал жерге көп кабаттуу үйлөрдү, спорт комплекстерди салышарын да жазган.

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram

Fакт TV

1650

79 600

Акыркы кабарлар