МААЛЫМАТ ПОРТАЛЫ

Эдил Байсалов: «Мамлекет сага бир тыйын пенсия карыз эмес»

11.04.2022

«Биздин өлкөдө социалдык төлөмдөрдү төлөөчүлөр аз». Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов пенсиялык системаны реформалоо жана 2023-2026-жылдарга милдеттүү медициналык камсыздандырууну өнүктүрүү концепциясынын долбоору боюнча парламенттик угууда билдирди.

Анын айтымында, социалдык төлөмдөрдү төлөөчүлөрдү негизинен ири компаниялар түзөт. «Негизинен биздин экономикада иштегендер — базарда отургандар болобу, дыйкандар болобу, мигранттарыбыз болобу, негизинен элибиздин көпчүлүгү ФОМСко дагы, Соцфондго дагы эч кандай төлөмдөрдү төлөбөйт. Ошондуктан биз жарандарга пенсияга акча топтоо керектигин, мамлекет сага бир тыйын пенсия карыз эмес экенин түшүндүргүбүз келет», — деди ал.

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram

Fакт TV

1650

79 600

Акыркы кабарлар