МААЛЫМАТ ПОРТАЛЫ

Байсалов иш сапары менен Женевада

06.04.2022


Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жумушчу сапары менен Швейцариянын Женева шаарында жүрөт.

Анын алкагында эл аралык Кызыл крест комитетинин президенти Питер Маурер менен жолугушту. Тараптар кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты.Тактап айтканда, эл аралык гуманитардык укук, өзгөчө кырдаалдар, пенитенциардык тутум жаатында ишке ашырылып жаткан долбоорлор талкууланды.

Мындан тышкары, Эдил Байсалов Бириккен улуттар уюмунун Европа экономикалык комиссиясынын Аткаруучу катчысы Ольга Алгаерова менен жолугушту. Анда Байсалов Кыргызстан климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү жана биологиялык ар түрдүүлүктү, адам укуктарын сактоо багыттары боюнча кызматташууну чыңдоого кызыкдар экенин айтты.

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram

Fакт TV

1650

79 600

Акыркы кабарлар