Украинанын президенти Владимир Зеленский Киев менен Москва өкүлдөрү өлкөнүн өзөктүк эмес, блокко кирбеген жана бейтарап статусун камтышы мүмкүн болгон келишимдерди макулдашууга жакын деп эсептейт. Бул тууралуу лидер америкалык “CBS” телеканалына берген маегинде билдирди. “Украина өзөктүк куралсыз, блокко кирбеген, бейтарап статусту кабыл алат. Бирок ошол эле учурда Евробиримдикке мүчө болот. Бул келишимдердин маанилүү бөлүгү коопсуздук кепилдиктери болуп саналат. Коопсуздук кепилдиктери биздин өлкөнү колдой турган мамлекеттердин чөйрөсүнүн болушун болжолдоого тийиш. Россия Украинага агрессия кыла турган болсо, бул өлкөлөрдүн лидерлери коопсуздук чөйрөсүндөгү белгилүү бир шарттар аткарылгандан кийин Украинага ар кандай жолдор менен жардам беришет. Бул боюнча кепил өлкөлөр ортосунда келишим болушу керек”,-деди Зеленский. Россия тараптан делегация башчысы, президенттин жардамчысы Владимир Мединский эки өлкөнүн ортосундагы келишимдин долбоору жыйынга алып чыгууга азырынча даяр эместигин айтты.
fakt.kg