Казакстандын Коопсуздук комитети тарабынан «чет элдик чалгын кызматынын агенти» кармалганын аталган мекеменин сайты жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, чет элдик чалгын кызматынын агентин кармоо операция 25-мартта жүргүзүлгөн. Кармалган адам Казакстандын жараны болгон. Ага президент Касым-Жомарт-Токаевди жана башка жогорку даражалуу бийлик өкүлдөрүн “өлтүрүүнү көздөгөн” деген айып тагылууда.
Кармалган адам күнөөсүн моюнуна алган. Ал кайсы чет мамлекеттин кызыкчылыгына иштегени айтылган жок.
fakt.kg