АКШда чочконун жүрөгүн өзүнө салдырган бейтап каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, бейтаптын абалы бир нече күн мурун начарлай баштаган. Дэвид Беннетт өзгөртүлгөн органды 7-январда алган. Мындай операция биринчи жолу болгон.
Жүрөк оорусунан жабыркап, генетикалык жактан өзгөртүлгөн чочконун жүрөгүн алган биринчи адам катары тарыхта калган 57 жаштагы Дэвид Беннет 8-мартта каза болду.
“Операциядан кийин трансплантацияланган жүрөк бир нече жума бою эч кандай баш тартуу белгилерисиз абдан жакшы иштеген”, – деп билдирген Мэриланд штатынын ооруканасы.