МААЛЫМАТ ПОРТАЛЫ

Президент: “Экономика начарлады дегендер, наалып эле жүрө беришет…”

17.01.2022

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров”ВБ” редакциясы менен маек куруп, экономика начарлап кеткенин айткан саясатчыларды наалыгандар деп атады.

«Алардын ою боюнча өздөрү министр болуп, бир креслого отуруп калса, Кыргызстандын телегейи тегиз, баары «жипке тизгендей» болуп калат. Өздөрү кызматта жок болсо, «баары өлдү,  тиги тармак өлдү, бул тармак өлдү» деп наалып жүрө беришет. Андайларга көп ишене бербегиле. Менин ар бир жасаган ишим, кабыл алган чечимдерим мамлекеттин, жалпы элдин гана кызыкчылыгына болот. «Жети өлчөп, бир кесебиз», мага ишенгиле. Менин максатым — тарыхтын ак барактарында ак кызматым менен калуу» , -дейт Жапаров.

Президенттин маалыматы боюнча, азыр бюджетте 500 млн доллар бар.  Январь айына 500 млн доллар менен кирүү деген Кыргызстандын тарыхында болгон эмес.

«Азыр бул акчаны бөлүштүрүп жатабыз. Февраль айынан баштап дыйкандарыбызга, фермерлерибизге 6 пайыз менен үч жылга чейин «Айылбанк» жана РСК банктары аркылуу кредиттерди бере баштайбыз. Жери, фермерлик чарбасы бар ар бир кыргызстандык кредит ала алат. Буга 15 млрд сом бөлүүдөбүз. Ипотекалык компанияга 5,5 миллиард сом берип жатабыз. Булар азыр кезекте турган мамлекеттик кызматкерлерге турак жай берип бүтсө, андан кийин каалаган жарандарыбызга 25 жылдык мөөнөт менен бере башташат. 1,5 миллиард сом үрөн жана жер семирткичкерди сатып алуу үчүн бөлүп бердик. 1 миллиард сом ирригацияга бөлдүк. Кыскасы, кайсы тармактагы маселени ыкчам чечиш керек болсо, ошол тармактарга беребиз» , -деп айтылат Жапаровдун маегинде.

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram

Fакт TV

1650

79 600

Акыркы кабарлар