Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров”ВБ” редакциясы менен маек куруп, “МАДУМАРОВ МЕНЕН НАРМАТОВА “КЫЗ БООЗУП ЭНЕСИН КОРКУТАТ” БОЛУП ЖАТАТ” деп билдирген.
– Биринчи суроом, акыркы убакта коомчулукта катуу талкуу жаратып жаткан “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын депутаттары Адахан Мадумаров менен Орозайым Нарматова жөнүндө болмокчу. Экөө тең суракка чакырылды. Экөө тең сизди жана Камчыбек Ташиевди күнөөлөштү. Чынында эле саясий куугунтук болуп жаткан жокпу?
– Катуу айтсам кечирип койгула, экөөнүн тең “беттери калың” экен. Кыргызда “Кыз боозуп, энесин коркутат” деген сөз бар. Өздөрү кылмыш кылып коюшуп, анан эмнеге Камчы экөөбүздү коркутушат. Же 2009-жылы Мадумаровду Камчы экөөбүз колунан жетелеп барып жер бердирдикпи? Же 2013-жылы ЖАМУдан Орозайымга Камчы экөөбүз жасалма диплом алып бердикпи? “Колуң менен кылганды мойнун менен тарт” дейт кыргызда. Коррупция жана башка темаларда элге акыл үйрөтөрдөн мурда, өзүң таза болушуң керек эле.
fakt.kg