МААЛЫМАТ ПОРТАЛЫ

Казакстандыктарга жардам берген Кыргыз жаранына жардам керек

13.01.2022

Казак жарандарына жардам берген авто волонтер кыргыз-казак чек арасына бара жатып кырсыкка кабылды. Бул тууралуу Telegramдагы “Үйгө Бишкек аркылуу” тобунун администратору Кубат Жапаров билдирди.

28 жаштагы Улан Талантбеков Казакстандагы кырдаалдан кабардар болуп, жардам берүүнү чечип, ыктыярчылар тобуна кошулган.

“Биздин волонтер эки кызды чек арага алып барышы керек болчу. Жолдо бара жатып – айланма жолдо – аны дагы бир унаа сүзүп алган. 17 жаштагы жигит айдап баратып, светофордун кызыл белгисинен өтүп кеткен. 17 жаштагы айдоочу отурган автоунаа уурдалган экен. Уландын башынан жаракат алган, дарыгерлер мээси чайкалган деген диагноз коюп, МРТга жөнөтүшкөн. Жүргүнчүлөр жаракат алышкан эмес. Казак жарандары Улан Талантбеквого акча чогултушкан. Бирок унаа катуу жабыркаган”, — деди Жапаров.

Кошумчалай кетсек, Казакстандын Кыргызстандагы элчилиги дагы жабыркаган Кыргыз жаранынан акчабөлгөн. Бирок ага дагы кошумча каражат керек. Кайрымдуу волонтерлор «Кыргыз боордоштор жардамга» аттуу топко чогулушту.

VISA: 4169585346682213 A.K.A. «Элсом»: 0706633335 Мбанк: 0706633335 “О! акча”: 0706633335

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram