МААЛЫМАТ ПОРТАЛЫ

Караколдо энеси мас болуп, бала тоңуп калган

13.01.2022

Караколдо тоңуп калган балага милиция кызматкерлери жардам беришти. Бул тууралуу аталган облстун ички иштер башкы башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, баланын энеси мас болуп көчөдө жатып калган, ал эми баласы көчөдө тоңуп жүргөн жеринен милиция кызматкерлери тарабынан табылып, жардам көрсөтүлдү.

«Милицияны көчмө кабылдамасы менен кызмат өтөп жаткан Каракол ШИИБдин кызматкерлерине, шаардын тургуну кайрылып, көп кабаттуу үйлөрдүн короосунда, узак убакыттан бери суукта, жашы болжол менен 6-7 жаштагы бала жүргөндүгүн билдирген. Аталган билдирүүгө, милиция кызматкерлери дароо чара көрүшүп, суукта жалгыз жүргөн баланы табышат. Бала сууктан ушунчалык үшүгөндүктөн, жакшы сүйлөй албай да калган.

Шаардык милициянын жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери балага ысык чай беришип, жылыгандан кийин, андан маалымат алууга аракет көрүштү. Жети жашар баланын айтымында, энеси көп убакыттан бери спирт ичимдиктерин ичип жүргөндүгүн, акыркы жолу чогуу баратканда, көчөдө мас болуп уктап калганын, бала болсо кетип, кайра келсе энеси жатып калган жеринде жок болуп чыкканы белгилүү болот.

Милиция кызматкерлери тийиштүү иш кагаздарын толтуруп, суукта табылган баланы балдар үйүнө убактылуу өткөрүп беришип, энесин издөөгө киришет. Көп узабай, энеси шаардын көчөлөрүнүн биринде мас абалында жүргөнү аныкталат. Баласы кайда жүргөндүгүн сурашканда, энеси акылга сыярлык жоопту кайтара алган жок», — деп маалымдашты облустук милиция.

Каракол ШИИБдин жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери тийиштүү иш кагаздарын даярдап, маселени мыйзам чегинде чечүү максатында мэриянын балдарды коргоо боюнча бөлүмүнө өткөрүп беришти.

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram