МААЛЫМАТ ПОРТАЛЫ

Жапаров казакстандык кесиптешин Кыргызстанга чакырды

11.01.2022

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Алихан Смаиловду Казакстандын премьер-министри кызматына дайындалышы менен куттуктады. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

«Сиздин зор тажрыйбаңыз жана кесипкөйлүгүңүз боордош өлкөбүздү кайгылуу окуялардан кийин тез арада калыбына келтирүүгө кызмат кылып, аны туруктуу өнүгүү жолуна кайтараарына ишенем. Өз тарабымдан биздин өлкөлөрдүн элинин кызыкчылыгы жана бакубаттуулугу үчүн келечекте эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүдө жана чыңдоодо биргелешкен активдүү ишке даяр экенимди тастыктайм», — деп айтылат куттуктоодо.

Министрлер кабинетинин башчысы Казакстандын премьер-министрин ушул жылы Кыргызстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Ошондой эле Акылбек Жапаров Алихан Смаиловго чың ден-соолук, бакубаттуулук жана жооптуу мамлекеттик кызматта ийгиликтерди, ал эми бир тууган казак элине тынчтык жана гүлдөп-өнүгүүнү каалады.

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram