“Кумтөр иши” боюнча кармалган мурдагы биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев жашаган жеринен кетпөө тил каты менен кое берилди. Анын бөгөт чарасы 10-январда каралганын Биринчи май райондук сотунан кабарлашты. 19-январда Сарпашевдин соту белгиленди.
2021-жылдын октябрь айында мурдагы чиновник үй камагынын талаптарын бузуп, кызматташуу боюнча өзүнө жүктөлгөн милдеттенмелерди аткарган эмес деген жүйө менен атайын кызматтын тергөө абагына кайра камалган.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Кумтөр алтын кенин иштетүүдөгү коррупцияга шек саналып жаткан мурдагы биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевди былтыр 17-июнда кармаган. 29-июнда Биринчи май райондук соту аны үй камагына чыгарган.