МААЛЫМАТ ПОРТАЛЫ

Казакстанда бир күндө жогорку кызматтагы 3 офицер каза болду

10.01.2022

Бүгүн Казакстандын Жамбыл облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысы өз жанын кыйды. Бул тууралуу Orda.kz билдирди.

Белгиленгендей, тополоңдон кийин генерал Жанат Сулеймановго кылмыш иши козголуп, трибунал менен коркутуулар болгон. Ички иштер министрлиги жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө облустук милициянын башчысынын өлүмү боюнча фактыны тастыктады.

Мынжан сырткары, бүгүн эле Нур-Султан шаарында УКМКнын полковниги Азамат Ибраевдин жансыз денеси жашаган жериндеги үйдүн короосунан табылганын Улуттук коопсуздук комитетинин басма сөз кызматы билдирди. Буга чейин Алматыда милициянын полковниги каза болгон. Ал иш ордунда жүрөк оорусунан каза болгону айтылууда.

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram