МААЛЫМАТ ПОРТАЛЫ

“Казакстанга берилген суу боюнча так маалымат берилсин…”

09.12.2021

Жогорку Кеңештин 9-декабрындагы жыйынында депутат Дастан Бекешев сугат мезгилинде Казакстанга Токтогул ГЭСинен кошумча суу агызылганы боюнча так маалымат берилүүсүн талап кылды.

Бекешев электр энергиясы жана суугат мезгилинде суунун берилиши боюнча эч кимдин маалыматы жок экендигин белгиледи.

«Казакстанга жайкы мезгилде Токтогул суу сактагычынан суу агызылганы боюнча маалымат чыкты. Ошол мезгилде бизге бир топ фермерлер, дыйкандар суу бергиле деп кайрылышкан. Биз аларга суу аз, жок деп айтканбыз. Мына кечээ эле суу боюнча маалымат чыкканда мага чылып башташты » сиз аладаган турбайсызбы» дешип. Менимче бул маселе боюнча мага эле эмес, башка депутаттарга да кайрылышкан. Урматтуу президенттин өкүлү, так маалымат бергилечи? Качан, канча көлөмдө Казакстанга суу бергенбиз? Токтогул ГЭСи жазында иштейби-иштебейби? Сууну берип, ордуна канча электр энергиясын алдык? Бул суроолорго так жооп бергиле» , — деди Бекешов.

Ошондой эле ал бул маселеде түшүнүксүз жагдайлар бар экендигин белгилеп, ызы-чуу кылбай так мааылмат берүүсүн талап кылды.

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram