МААЛЫМАТ ПОРТАЛЫ

“Кечээ кыргызстандык жаран сабалды…”

02.12.2021

Кечээ, 1-декабрда Баткен районунун Көк-Таш айыл аймагынын Дахма тилкесинде Тажикстан менен чектешкен аймактан кыргыз жаранын уурдап кетишкен. Бул тууралуу депутат Канатбек Ахмедов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

«Кечээ 65 жаштагы аксакалды барымтага алып, сабап, кое беришкен. Бийлик буга көңүл бурушу керек”,деди депутат.

Белгилей кетсек, 1-декабрь күнү саат 21:15 чамасында Баткен облусунун Баткен районундагы Дахма тилкесинде мамлекеттик чек аранын шарттуу сызыгына жакын жерде белгисиз адамдар Тажикстан тараптан жети-сегиз ок чыгарган. Андан соң эки мамлекеттин укук коргоо органдары чек ара аймагын биргелешип күзөтүүнү макулдашты.

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram