МААЛЫМАТ ПОРТАЛЫ

Митингге чыккандар бийликке 2 күн убакыт берди

29.11.2021

Бишкекте 28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоодо 5 пайыздык босогодон өтө албаган партиялардын өкүлдөрү митингге чыгышты.

“Ата Мекен” партиясынан талапкер Али Токтакунов добуш берүүнүн жыйынтыгы менен макул болбогон бир нече саясий уюмдар бириккенин билдирди. Митингчилер бийликке кайра шайлоо дайындоо үчүн эки күн убакыт беришет.

«Биз шайлоону жокко чыгарууну талап кылабыз, анткени алар бурмаланган. Бийлик керектүү сандарды тартты. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүн жана кызмат адамдарын да жоопко тартууну талап кылабыз. Эки күн беребиз. Бул убакыт аралыгында бийлик кайра шайлоону жарыялышы керек», – деди Али Токтакунов.

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram