МААЛЫМАТ ПОРТАЛЫ

БШКнын алдына эмне болуп жатат (Түз эфир)

29.11.2021

Биз Борбордук шайлоо комиссиясынын шайлоо жыйынтыктарына нааразычылыгыбызды билдирүү үчүн чыктык. Борбордук шайооо комиссиясы жыйынтыгын кайра карап чыксын. Мындай пикирин «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев билдирди.

«Бул шайлоо Кыргызстандагы саясий кризиске чекит коюшу керек болчу, тескерисинче, тереңдетти» , — деди Текебаев.

Бүгүн, 29-ноябрь саат 14:00дөн баштап шайлоо жыйынтыгын тааныбаган партия өкүлдөрү БШКнын имаратынын алдына чогулушту.

Эскерте кетсек, буга чейин БШКнын сайтында мүчүлүштүктөр орун алганы маалымдалган. Алдын ала маалыматтар жарыялангандан кийин партиялар чогулткан добуштар 150 пайыздан ашып кеткен. Андан кийин БШКнын серверинде маалымат кабыл алуу бир канча убакытка токтоп калып (сбой), кайра ишке киргенде бардык сандар өзгөрүүгө учураган.

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram