МААЛЫМАТ ПОРТАЛЫ

«Ордо» партиясынын лидери Мирбек Мияров дайынсыз болууда…

29.11.2021

Бишкекте «Ордо» саясий партиясынын лидери Мирбек Мияров дайынсыз болуп жатат. Бул тууралуу партиянын өкүлдөрү билдирди.

Алардын айтымында, аны акыркы жолу кечээ саат 15:00 чамасында көрүшкөн.

«Кечээ ал Пишпек районундагы шайлоо участогуна барган. Ошондон кийин көздөн кайым болду. Телефону өчүк, акыркы жолу месенжерлерге саат 14:00 чамасында кирген. Анын кайда экенин туугандары да билишпейт. Биз азырынча мамлекеттик органдарды күнөөлөбөйбүз, балким уурдап кетишти же башка жагдайлар болуп кетиши мүмкүн. Бизде азырынча так божомолдор жок. Кечке чейин келбесе, милицияга арыз жазабыз», — деп билдиришти партиянын штабынан.

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram