МААЛЫМАТ ПОРТАЛЫ

Чүйдө бийликти күч менен басып алууга шектелгендер кармалды…

26.11.2021

“Чүй ынтымагы” коомдук бирикмесинин активдүү мүчөлөрү Азамат Мусакеев менен Нурбек Калекеев кармалды. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери билдиришти.

Алардын айтымында, бүгүн, 26-ноябрда таң эрте укук коргоо кызматкерлери «Чүй ынтымагы» жана «Эл ынтымагы» коомдук бирикмелеринин активдүү мүчөлөрү Азамат Мусакеев, Нурбек Калекеев жана башка бир нече адамдын үйүндө тинтүү иштерин жүргүзүшкөн. Чүй облусунун Ысык-Ата районунун аймагында жүргүзүлгөн тинтүү иштеринен кийин үйлөрдүн ээлери кармалды.

Алдын ала маалыматтар боюнча, кармалгандар бийликти басып алууга аракет кылган деп шектелүүдө.

Сүрөт интернеттен алынды.

fakt.kg

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram