МААЛЫМАТ ПОРТАЛЫ

Бишкекте үгүтчүлөр кармалды

25.11.2021

Шайлоочуларды сатып алуу фактысы аныкталып, шектүүлөр кармалды. Бултууралуу Бишкек ШИИББдин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга борбор калаанын Н. аттуу тургуну Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин бирин колдоп шайлоочуларды сатып алуу менен активдүү алектенип жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Бул факты Жазык кодексинин 192-беренеси («Шайлоочуларды сатып алуу») менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө талапкерге жана партияга үгүт иштерин жүргүзүп жаткан А.А. М.Н. аттуу жаранга 10 миң сом бергени аныкталды. М.Н. аны 10 шайлоочуга бөлүп бериши керек болчу.

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram