МААЛЫМАТ ПОРТАЛЫ

Мечитке келген кызга имам милиция чакырды

25.11.2021

Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Боролдой айылында каякта жашарын билбеген кыздын өздүгү аныкталды. Бул тууралуу аталган облустун ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, 23-ноябрда саат 16:00 чамасында милицияга Боролдой айылында жашаган жерин билбеген кыз бар экени тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери 22-ноябрь күнү саат 16:30 чамасында Боролдой айылындагы мечиттердин бирине бир кыз келип имамдан дуба окуп берүүнү суранганын аныкташкан. Ошол эле учурда ал кайда жашаарын билбей турганын жана эч нерсе эсинде жок экенин билдирген.

Милиция кызматкерлери кыздын өздүгүн такташты. Ал 1991-жылы туулган У.М. Аны туугандарына өткөрүп беришкен. Алдынг ала маалыматтар боюнча кыз психикалык жактан жабыркайт.

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram