МААЛЫМАТ ПОРТАЛЫ

Ош шаарында жол кире 20 сом болду

25.11.2021

Ош шаардык кеңешинин депутаттары шаарда коомдук транспорттун жол киресин көтөрүүгө макулдук берди. Бул тууралуу маалыматты жергиликтүү басма сөз каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, маршруткалардын тарифи күндүз 15 сом деп белгиленди. Ал эми кыш мезгилинде саат 19:00дөн 21:00гө чейин, жай мезгилинде 21:00дөн 23:00гө чейин 20 сомго көтөрүлдү. Мурда бардык убакытта жол акы 10 сом болчу.

Ал эми муниципалдык транспорттун тарифи дээрлик өзгөргөн жок. Болгону троллейбуста электрондук билети барлар үчүн жол кире 6дан 8 сомго жогорулады. Билети жоктор мурдагыдай эле төлөйт.
Автобустардын тарифи кымбаттаган жок, электрондук билети барларга 8, жоктор үчүн 10 сом бойдон калды.

Мектеп окуучулары да мурдагыдай эле автобус, троллейбуска 3, маршруткаларга 5 сом жол кире төлөйт.

Жаңы тарифтер кийинки жумадан тарта колдонулат. Азырынча так датасы белгисиз, шаардык кеңештин токтому төрага кол койгондон кийин күчүнө кирет.

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram