МААЛЫМАТ ПОРТАЛЫ

УКМК 3 миллион доллар зыян кетиргендерди кармады

25.11.2021

«Эйр Кыргызстан» ачык акционердик коомунда бюджетке өзгөчө ири өлчөмдөгү зыян келтирилген коррупциялык факты аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, эсептөө палатасынын айрым кызмат адамдары аталган авиакомпаниянын жетекчилиги менен жең ичинен сүйлөшүп, пландуу текшерүүлөрдүн жүрүшүндө мамлекетке 3  млн 160 миң 903 доллар зыян келтирилгенин атайылап жашырган.

Тергөөнүн жүрүшүндө эсептөө палатасынын аудитору С.З. жана инспектору О.Ж.га Жазык кодексинин 319-беренесинин 1-бөлүгү (коррупция) менен кылмыш иши козголуп, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту камакка алуу чечимин чыгарган.

Учурда тергөө жүрүп жатат.

fakt.kg

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram