МААЛЫМАТ ПОРТАЛЫ

Элчи: «Мамлекеттик тил жөнүндө» жаңы мыйзам орус тилдүүлөрдүн укугун чектейт

25.11.2021

Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко жакында эле кайра жазылып, коомдук талкууга коюлган «Мамлекеттик тил жөнүндө» конституциялык мыйзамга Instagram баракчасы аркылуу пикир билдирди.

«Биз «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» жаңы мыйзам долбоорунун айланасында коомчулукта кызуу талкуу жаратып жаткан жагдайга кылдат байкоо жүргүзүүдөбүз. Чынында эле мыйзам долбоордун азыркы түрүнүн кабыл алынышы Конституцияда расмий тил катары бекитилген орус тилинин колдонуу чөйрөсүнүн жана орус тилинин укуктарынын кыскарышына алып келет деген кооптонуулар бар. Орус тилинин Кыргызстандагы жалпы гуманитардык миссиясы тууралуу өлкөдө кадыр-барктуу болгон дүйнөлүк классик Чыңгыз Айтматовдун айткан сөздөрүн эстесек ашыкча болбос. Жетишкен нерседен баш тартуу ушунчалык оңойбу?» — дейт Удовиченко.

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram