МААЛЫМАТ ПОРТАЛЫ

«Түндүк электр» ишканасынын башкы директору алмашты

24.11.2021

«Түндүк электр» ишканасынын башкы директору болуп Нурдин Осмонов дайындалды. Бул тууралуу компаниядан кабарлашты.

Мындай чечимди директорлор кеңеши 23-ноябрда кабыл алган.

Буга чейин ишкананы Азамат Кожомкулов жетектеп келген. Ал 23-ноябрда директорлор кеңешинин чечими менен кызматтан бошотулган.

Кожомкулов бул кызматка компаниянын директорлор кеңеши тарабынан 2021-жылдын 18-августунда дайындалган.

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram