МААЛЫМАТ ПОРТАЛЫ

Өлкөнүн бардык аймактарына жарыкка чектөө кирди

23.11.2021

“Улуттук энергохолдинг” ишканасы өлкөнүн бардык аймактарында электр энергияга киргизилгенин 23-ноябрда билдирди. Мекеме тараткан маалыматта Токтогул суу сактагычындагы суунун болжолдуу өлчөмү эсептелгенден кийин ушундай чечим кабыл алынганы айтылат.

Анда керектөөчүлөргө электр энергияны сарамжалдуу пайдаланууга чакырык ташталган.

“Апрель-октябрь айларында электр энергиянын керектөө чеги 530 млн. кВт саат же 10,4% ашып кеткен. Белгиленген ченемдерди сактабоо Токтогул суу сактагычын электр энергия иштеп чыга албай турган абалга жана аймактарга электр энергиянын керектелишин чектөөгө алып келет”, – деп жазылган.

“Апрель-октябрь айларында электр энергиянын керектөө чеги 530 млн. кВт саат же 10,4% ашып кеткен. Белгиленген ченемдерди сактабоо Токтогул суу сактагычын электр энергия иштеп чыга албай турган абалга жана аймактарга электр энергиянын керектелишин чектөөгө алып келет”, – деп жазылган.

15-октябрдан тартып өлкөдө электр энергиясы жана жылуулук үчүн жаңы тарифтер күчүнө кирген.

Быйыл Токтогул суу сактагычындагы суунун аздыгынан Кыргызстан соңку жылдардагы эң чоң энергетикалык кризиске туш болду. Энергетиктер жылытуу мезгилинен кийин суу сактагычта 6-7 миллиард куб метр гана суу калып, Токтогул ГЭСинин ишинин токтоп калышына алып келиши мүмкүн деп чочулашууда.

Оор кырдаалдын алдын алуу үчүн Кыргызстан Казакстандан, Өзбекстандан алмашуу жолу менен электр энергиясын алат, Түркмөнстандан да импорттойт. Министрлер кабинети Орусиядан электр энергиясын алуу боюнча сүйлөшүүлөр болуп жатканын билдирген.

“Түндүк электр” ишканасы бир фазалуу абоненттер үчүн беш киловатт, үч фазалуу абоненттерге 10 киловаттык чек киргизген.

Айрым аймактарда электр энергиясын көрсөтүлгөн чектен ашык пайдалангандарга каршы рейд жүрүп, электр жылыткычтарына мөөр (пломба) басыла баштады.

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram