МААЛЫМАТ ПОРТАЛЫ

Кыргызстан эмнеге Евробиримдиктин кара тизмесинде?

23.11.2021

Кыргызстандын Евробиримдиктин кара тизмесине кирүүсүнүн негизги себеби – толук кандуу ченемдик-укуктук базанын жоктугу. Бул тууралуу Бишкекте өткөн брифингде Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу Жарандык авиация агенттигинин директору Александр Настаев билдирди.

«Маселе толук кандуу ченемдик-укуктук базанын, учуунун коопсуздугун көзөмөлдөөнүн процедуралык эрежелеринин жана бул багыттагы учурдагы мамлекеттик саясаттын жоктугунда. Биз жакшы ченемдик-укуктук базаны жазып, Аба кодексин киргиздик, бирок эрежелерди ишке ашыруунун жол-жоболорун киргизген жокпуз. Ошондуктан, кара тизме боюнча ишти нөлдөн баштоо керек», – деп түшүндүрдү ал.

Жарандык авиация агенттигинин башчысы президент бир жылдан кийин кара тизмеден чыгуу милдетин койгонун кошумчалады. Бул үчүн агенттиктин директорунун айтымында, Жарандык авиация департаментинин түзүмүн толук реконструкциялоо жана ченемдик укуктук базаны кайра карап чыгуу зарыл. «2010-жылы биз кара тизмеден чыгууга аз калганбыз, бирок революция же төңкөрүш, аны эмне деп атаарымды билбейм, бизди артка түрттү», – деп жыйынтыктады Настаев.

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram