МААЛЫМАТ ПОРТАЛЫ

Орусия өлкөгө январь-февраль айларында кол салышы мүмкүн

22.11.2021

Орусия 2022-жылы январь же февраль айында Украинага каршы согуш аракеттерин башташы күтүлөт. Бул тууралуу Украинанын коргоо министрлигинин Башкы чалгын башкармалыгынын башчысы Кирилл Буданов Military Times басылмасына курган маегинде билдирди.

Будановдун айтымында, азыр Орусия Украина менен чектеш аймактарына 92 миңден ашуун аскер жайгаштырды. Анын сөзүнө караганда, кышкы суукта кол салуу тобокелчилиги жогору. Анткен менен ал ыктымал аяз орусиялык жана украиналык аскерлер үчүн маселе жаратпайт деп эсептейт.

Украин чалгын кызматынын маалыматы боюнча орусиялык аскерлердин бул жолку кол салуусу 2014-жылдагыга караганда бир топ кубаттуу болушу ыктымал.

Буданов Орусиянын Одесса менен Мариуполго чабуулу аба соккулары, десанттык операциялар жана Беларус тараптан чопкутталган аскер техникасынын басып кирүүсү менен коштолот деп божомолдойт.

Ал эми орус аскерлеринин негизги бутасы мурдагыдай эле Владимир Путин “Новороссия” деп атап келген Украинанын чыгыш жана түштүк аймактары болушу мүмкүн.

Кирилл Будановдун айтымында, Орусия кол салардан мурун Украинанын согушка жарамдуулугун түшүрүү үчүн бир топ “психологиялык операцияларды” жүргүзүшү ыктымал. Бул сыяктуу операцияларга ал азык-түлүк каатчылыгына жана карантиндик чектөөлөргө байланыштуу калк арасында башаламандыктарды уюштуруу аракеттери кирерин айтты.

Буга чейин Батыш маалымат каражаттары да чет элдик атайын кызматтарга таянып, Орусия Украинага кол салууга даярданып жатканын жазып, бирок Кремль акыркы чечимди кабыл ала электигин белгилеген.

fakt.kg

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram