МААЛЫМАТ ПОРТАЛЫ

Балбан Эрназар Акматалиев Дүйнө чемпиону болду

07.11.2021

Кыргызстандык балбан Эрназар Акматалиев Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча 23 жашка чейинкилер арасында Дүйнө чемпиону болду.

6-ноябрда 70 килограмм салмакта күрөшкөн Эрназар финалда армениялык Вазген Теванянды 10:2 эсебинде утту.

Эскерте кетсек,  Эрназар Акматалиев бир ай мурда Норвегиянын Осло шаарында өткөн эркин күрөш боюнча чоңдор арасындагы Дүйнө чемпионатында күмүш байге алган.

fakt.kg

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram