МААЛЫМАТ ПОРТАЛЫ

Улугбек Ормонов: “Ишеним” партиясы парламентке элдин ишенимин кайтаруу үчүн баратат”

30.10.2021

-Улукбек Зулпукарович, Сиз Жогорку Кеңештин үч жолку чакырылышына депутат болгон белгилүү, тажрыйбалуу саясатчысыз. Бул жолку парламенттик шайлоодо “Ишеним” партиясы менен шайлоого катышууңузга эмне себеп болду?

-2020-жылкы – былтыркы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгып, парламент өзүнүн мөөнөтүнөн бир жыл ашык иштеп калды. Бул арада жалпы элдик добуш берүүдө Кыргыз Республикасынын эли өзүнүн тандоосун жасап, мамлекет үчүн президенттик башкаруу формасын тандап алды. Ага жараша Конституция  жана башка мыйзамдар өзгөртүлдү. Ошентип, парламенттин табияты дагы өзгөрдү. Биз 2010-жылдан кийин 10 жыл бою парламенттик башкаруудагы мамлекетпиз деп өзүбүздү дагы, чет өлкөлөрдү да алдап келдик эле. Мына эми “президенттик башкаруу болсун” деп элибиз так добушун бергенден кийин, андай алдамчылыктын бети ачылып, баары өз-өз ордуна түштү.

Мен 2020-жылкы парламенттик шайлоого талапкер болгон “Замандаш” партиясы бул шайлоого катышпоону чечти. Анан  “Замандаш” партиясы менен шайлоого катышкан пикирлеш саясатчылар сүйлөшуп, кеңешип, бул шайлоодо өзүбүзчө бир команда болуп, жаман атты болбогон, таза партия менен шайлоого катышалы деген пикирге токтолдук. Булганбаган, элдин ишениминен чыга элек таза партия катары “Ишенимге” токтолуп, командабыз ушул партиянын тегерегине топтолду. “Ишеним” партиясы негизинен жаштардан куралган. Партиянын өзөгүн таза, абийирдүү, мекенчил жаш муун өкүлдөрү, жаңы жүздөр тузөт. Бул партия Бишкек шаардык кеңешине болгон шайлоодо жеңишке жетип, шаардык парламенттен татыктуу орунга ээ болуп, өз дараметин көрсөтө алган .

Жашырганда эмне, акыркы кездери аткаруу бийлигине да, өкүлчүлүк бийлиги – парламентке дагы эл ишеними кеткен. Элибиз колдоп, шайлоодо утуп чыгып, парламентте татыктуу орун ала турган болсок, мыйзам чыгаруу жаатында болсун, өкмөттүн ишмердигин, мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө жаатында болсун, эл алдындагы милдетибизди жоопкерчилик, абийирдүулүк менен өтөп, бел чечпей иштеп,  элибиз үчүн, мамлекетибиз үчүн пайдабызды тийгизебиз деген ниеттебиз. Биздин максат мына ошентип, “Ишеним” партиясы аркылуу бийликке элдин ишенимин кайтаруу.  

Жетет го эми, Кыргызстан күч менен, төңкөрүш менен бийлик алмаштыруу боюнча лимитин деле түгөтүп бүттү окшойт. Эсибизге келип, этегибизди жыйбасак болбойт. Дагы да төңкөрүш жасалса, мамлекет оңбой калат. “Ишеним” партиясы менен биригишибизге ушул жагдай дагы түрткү болду. Анткени, “Ишеним” партиясы – бул, ынтымак-биримдик менен, бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, Кыргызстанды алдыга сурөйлү, туруктуу өнүгүу жолуна түшөлү, элибиздин жашоо-турмушун жакшыртуу  үчүн чогуу-чаран иштейли деген  жаратман партия. Батышчыл, же чыгышчыл эмес, Кыргызстан нукура өз жолун таап, өз мүмкунчүлүгүн пайдаланып, өнүгүшү керек деген идеядагы жигердүү жаштардан куралган.

-Эл оозунда эле жок эмеспи,  “Ишеним” партиясы бийликтин партиясы деген кеп-сөздөр айтыла калып журөт. Мунун канчалык жүйөсү бар?

-30 жылдык тарыхыбызда бийлик шайлоону каалагандай калчап келгенине, бийликтики делген партиялар шайлоолордо мамлекеттик бийликтин бардык бутактарын колдонгонуна көнүп калганбыз да. Андай сөздөрдун баары ошондон улам айтылууда. А чындыгында азыр шарт такыр башка. 2015-жылдан тартып шайлоодо биометрикалык эреже кирип, мурдагыдай пачкалап бюллетен таштоо жоголгон. Андан кийин “форма-2” деген балээ 2020-жылкы шайлоодогу нааразычылыктарга турткү болгон эле. Эми ал дагы  жоголду. Азыр баары ачык. Эл өзүнүн турган жеринде каалаганына добушун берет. Экинчиси, депутат А.Сулайманов берген сунушту Президент өзү дагы колдоп, кабыл алынды. Эми шайлоочулар партиялык тизмеден каалаган талапкерине добушун берет. Ушинтип, Кыргызстанга 30 жылдан бери чуу салып келген, “мен лидермин” деген саясатчылардын дагы жузү ачылганы турат. Эл өзү ким лидер экендигин көрсөтүп коёт. Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу ушундай мүмкүнчулүк берилип жатат. Эми бир мандаттуу шайлоо округдарынын жөнү башка, жалпы өлкөгө тарабай, чектелип калат.

Ток этерин айтканда, бу шайлоодо “бул бийликтин партиясы, административдик ресурс колдонот, бийлик жардам берет: а бул оппозиция” деп бөлүп кароого болбойт. Баары бирдей шартта элдин элегинде. Шайлоодо кайсы бир партияны бийлик колдоп, сүрөсө, ал ошол замат ачыкка чыгат. Жакында министрлер кабинетин бекитип жатканда Президент Садыр Жапаров: “Мен бийлик бутактарынын парламенттик шайлоого арлашуусуна толук бөгөт коём, эл өзү тандап алсын” деп ачык айтпадыбы.   Элден эч нерсени жашыра албайсың. Ошондуктан, азыртан бири-бирибизге ярлык тагуудан алыс болгонубуз оң. Баарын алдыдагы шайлоо көрсөтөт. Бийликчил партия кайсы, башкасы кайсы, эл баа берет.

-”Ишеним” партиясынын шайлоо программасы башка партиялардыкынан эмнеси менен айрымаланат?

-“Ишеним” партиясы “биз парламентке келсек “антип жиберебиз, минтип жиберебиз, тоону томкоробуз” деген ач айкырык, куу сүрөөн, куру убадалардан алыс, чыныгы турмуштан алынган, Кыргызстандагы бүгүнкү проблемаларды жоюунун аракетиндеги реалдуу программа менен чыгууда. Экономика, чегара маселесинин чечилиши, билим берүү, социалдык тармактагы маселелер болсун, биздин программадагы иштерди турмушка ашырууга реалдуу мүмкүнчүлүктөр бар. Анын устүнө, президенттик башкарууга өткөндөн кийин, мурдагы парламенттик башкаруудабыз деген мезгилдегиге караганда парламенттин укуктары бир топ чектелди. Биз эми “шайланып келип өкмөтту түзөбүз, тигинтебиз, минтебиз” деп, ага-буга алагды болгондон алыс болушубуз керек. Албетте, баарын эле алып койду дегенден алысмын. Бюджетти бекитүү, анын аткарылышын көзөмөлдөө, өкмөттүн ишине баа берүү парламенттин колунда болот. Кыскасы, иш көп, жоопкерчилик чоң. Мамлекеттик бийликтин таразасы дагы, күзгүсү дагы – парламент. Жаңы шайлана турган парламент колунан келишинче өлкөнүн өнүгүүсү үчүн иштеп, жардамын бериши керек.

-Эгерде элдин колдоосун алып, парламенттен орун алып калсаңыздар, Сизди парламент спикерлиги учүн ат салышкандардын катарынан көрсөк болобу?

  • “Генералдыкты каалабаган жоокер – начар жоокер” деген накыл кеп бар эмеспи… Мен жыйырма жыл өндүрүштө иштедим, Жогорку Кеңештин үч жолку чакырылышынын депутаты болдум, парламенттик фракцияны жетектедим дегендей… Ошентсе да, ал жеке өзүм чечип коё турган маселе эмес. “Ишеним” партиясына эл, шайлоочулар кандай ишеним көрсөтөт, парламенттен канча орун ала алабыз, баары ошого жараша болот. Парламенттен орун алган учурда деле “мен төрага болом” деп, жалгыз өзүң боло албайсың, ийри отуруп, түз кеңешип дегендей, бул маселе – команда чече турган, акырында жалпы парламенттин элегине коюла турган иш. Мына, жыйырмадай саясий партия элдин үнү болобуз, Кыргызстандын парламентинен татыктуу орун алабыз деп жарышка түштү. А жыйынтыгы кандай болот, кайсылары марага жетет, кайсылары калат, азыр эч ким билбейт.

Даярдоочу: «Мыйман-Ата» ЖЧКсы. Дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Фрунзе көчөсү, №429б. Буйрутмачы: “Ишеним” саясий партиясы. Нускасы:1 даана. 2021-жылдын 30-ноябрда даярдалды. “Ишеним” саясий партиясынын шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Турдакунова Эльвира Алмазбековна тарабынан төлөндү (Күб.№6, 01.09.2021 ж.).

fakt.kg

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram