МААЛЫМАТ ПОРТАЛЫ

Азат Эркебаев: “Мамлекеттин коопсуздугун ойлосок чегарадагы райондорго өзгөчө көңүл бурушубуз керек”

29.10.2021

-Азат Абдыганыевич, Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланып калсаңыз, эң алгач кайсы маселелерди көтөрүп чыгасыз?

 – Кичи мекеним болгондуктан, мен Чоң-Алай жана Алай райондорунун эли менен көбүрөөк катышып, ошол жакка көп каттайм. Ошентип, проблемаларын, көйгөйлөрүн жакындан таанып-билгендиктен, ошол Алай аймагынын элинин проблемалары көбүүрөк түйшөлтүп жүрөт. Бийик тоолуу, жаратылышы катаал болуп эле чектелбей, бул аймак Тажикстан мамлекети менен чектешкен, андан ары кичине кол созсоң тынчы жок Афганистан жайгашкан маанилүү чегара аймагы. Мамлекеттер аралык чегара линиясы толук такталып бүтө электигинен улам, акыркы кездери чегара маселесине байланыштуу тажик мамлекети менен болгон  мамилебиз өзгөчө курчуп кетти. Баткен облусунда куралдуу кагылышуу болуп, жарандарыбыздын өмүрү кыйылды. Андан соң Чоң-Алай районундагы абал да кыйла курчуп барып токтоду. Акыркы  мезгилде Афганистанда болуп жаткан окуялар, андагы туруксуз кырдаал да буга кошул-ташыл болууда. Мына ушундай жагдайлар чегарада жайгашкан Чоң-Алай районуна өзгөчө көңул бурууга түрткү болуп турат. Бул аймак мамлекет тарабынан өзгөчө көңүл бурууга муктаж. Кудай буйруп, Жогорку Кеңеш депутаты болуп шайланып калсам, эң ириде ушул жааттагы маселелерди чечүүгө аракет кылам.

-Конкреттүү айтканда, ал кайсы маселелер?

-Чоң-Алай районунун Тажикстан менен чектеш айылдарына тез арада “чегара аймагы” макамы берилиши керек. Бул макам тууралуу Кыргыз Республикасынын мыйзамы бар. Ошол мыйзамдын алкагында чегара аймактарга мамлекет тарабынан бир кыйла жеңилдиктер каралган. Мамлекет аерде жашаган жергиликтүү калктын жашоосуна өзгөчө камкордук кылган саясат жүргүзөт. Анын ичинде калкты социалдык жактан коргоо жана чегара коопсуздугун бекемдөө боюнча бир топ ыңгайлуу шарттар каралган.  Чегара аймагы жөнундөгү мыйзамдын алкагында, социалдык экономикалык абалды көтөрүүгө да көбүрөөк көңүл бурулуп, калктын жашоосун жакшыртуу, салык ж.б жактан жеңилдиктерди берип, экономикалык ишмердик жургүзүүсүнө ыңгайлуу шарттар тузүлөт. Аймакта өзгөчө режимдеги көзөмөл жургүзүлүп, жергиликтүү калкка чегара кайтаруучу статусу берилет. Чоң-Алайда Тажикстан менен болгон чыңалуу мына ушул маселелерди тез арада чечүүнү күн тартибине коюп, бизди ага тикелей көңүл бурууга мажбурлап турат.

-Учурда чегара маселесинен улам кыргыз-тажик мамилеси алакасы курчуп тургандыгын өз сөзүңүзгө кыстара кеттиңиз. Деги чегара маселесин кандай жол менен бир жаңсыл чечип, ага биротоло чекит коюуга болот?

– Мен чегара маселеси саясий-дипломатиялык жол менен гана чечилиши керек деген ойдомун. Эки мамлекет тең компромисске бара турган конструктивдүү сүйлөшүү жолдорун издеши керек. “Менин гана позициям туура, менин гана айтканымдай болушу керек” деп, бир позицияда катып туруу маселени барган сайын ырбатып, абалды курчута  берет. А мындай абал эки мамлекетке тең утук алып келбейт. Чегарага жакын аймакта жашаган калктын жашоосуна кедергисин тийгизип, социалдык-экономикалык жактан көптөгөн көйгөйлөрдү жаратат. Элдин, мамлекеттин коопсуздугу боюнча кооптуу жагдайлар жаралат.  Ошондуктан, эки мамлекеттин бийлиги тең алдын ала ошол талаштуу делген чегара аймакта жашаган калк менен кеңешип-таңашып, ынандырып, макулдугун алган соң, жер алмашуу жолун ылайык табабы, айтор, өз ара түшүнүшүү аркылуу чегарасын биротоло тактап, акыркы бутүмгө келгени оң.  

Бирок, учурдагы тажик бийлиги кырдаалды туура аңдап, өз ара түшүнүүгө барабы-жокпу – азырынча бизге белгисиз. Ошондуктан, дипломатияны чегара маселесинин жападан-жалгыз жолу катары карап, ага ишеним артып, кам санабай жата берүүгө болбойт. Кыргызстан ар кандай вариантка, ар кандай кырдаалга даяр турушу шарт. Коргонуу, коопсуздук тармагына өзгөчө көңүл бурулуп, Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрү күжүрмөн даярдыкта ар кандай күтүүсүз кырдаалга даяр болушу керек. 2021-жылдын май айындагыдай окуя эми такыр кайталанбашы үчүн коопсуздук, коргоону-чалгындоо органдарынын ишин жакшыртып, армиябызды колдон келишинче күчтөндүрүү зарыл. Мен жогоруда сөз кылган “чегара аймагы” макамы да ага түздөн-түз байланыштуу. Анын ичинде чегарада жашаган жергиликтүү калк өкулдөрүн “чегара кайтаруучу” катары  атайын даярдыктан өткөрүү жана колуна курал берүү жол-жобосу да бар.

-Азат Абдыганиевич, Кыргызстан 30 жылдан бери туташ экономикалык кризисте. Акыркы кездери кымбатчылык каптап, бул кризис дагы кыйла тереңдеп кетти. Деги экономикабыздын эбин кантип табабыз?

– Чындыгында, мамлекетибиз өткөн жылдын октябрындагы окуялардан кийин, экономикалык эле эмес, саясий да кризиске тушугуп,  кош кризистин кучагында эле. Экономикабызга мына ушул саясий абал дагы терс таасирин тийгизип,  кризистин тереңдеп кетишине себепчи болду.  Мына эми аста-секин бир цикли бүтүп, акырындап саясий кризистен чыгып бараткандайбыз, шайлоону жакшы өткөзүп алсак туруктуулукка келишибиз керек. Эми экономикалык абалды дагы тез арада оңдоп, калыпка салуу зарылдыгы биринчи орунга чыкты. Бул жагдайда мен жакында ишке киришкен министрлер кабинетинин төрт кадамын колдоого аларлык деп айтат элем. Өзүбүзгө дагы, чет өлкөлүк адистерге дагы белгилүү, Кыргызстанда  көмүскө экономика өтө күчтүү. Биринчи кезекте ушул маселеге көңүл буруп, көмүскө экономикадагы, анын ичинде салыктан жана бажыдан жашырылган акчаларды ачыкка чыгарышыбыз керек. Буга жетишүү унун эң эле ыңгайлуу жолу – ушул эки чоң тармакта санариптештирүүнү киргизүү. Ошентип, өтө көп пайда таап, бирок, мамлекеттин көзүн будамайлап, аз салык төлөп жаткан ишканаларды, ишкерлерди адилеттүү, мыйзамдуу салык тарифтерине алып келүү зарыл.  Салыктан жашырган, бажыдан уурдаган адамдарга кимдигине карабай бирдей жоопкерчилик тагылып, талап коюлушу керек. Баары акыйкат тариф менен мыйзамдуу иштесин. Салык төлөө баарыбыздын Мекен алдындагы жарандык милдетибиз. Ишкерлердин аң-сезими, позициясы дагы өзгөрүү керек, Кыргызстан бүгүнкүдөй оор акыбалда турганда бул өтө маанилүү.

Бирок, жаңы салык түрлөрүн киргизип, же жөнсүз текшерип териштирүүлөрдү жургүзүп, ишкерлерди оор шарттарга кептегенден качуу керек. Экономикалык мыйзамдар, салык кодекси өтө жөнөкөй, жалпыга түшүнүктүү болгону оң. Жаңы ишкана ачып, ишкерлик менен алектенем дегендерди азыркыдай ашыкча убарагерчиликтен куткарып, аларга өтө жөнөкөй шарт түзүп, аларга мамлекет ар тараптан колдоо көрсөтпөсө болбойт.

Андан тышкары, мисалы, тоо-кен тармагында дагы өтө чоң коррупциялык элементтер бар. Бул тармакка сырттан келген инвесторлорду чочутуп, качырып жиберген учурлар да көп. Ошондуктан, тоо-кен өнөр жайы жайындагы ишмердикти ачык-айкындыкка чыгарып, инвесторлорго Кыргызстандын мыйзамдары менен иштеп, салык төлөй турган турган жагымдуу шарттар тузүлүшү керек. Эгерде баарын ачыкка чыгарып, коррупцияны жоюп, инвесторлорду чочутпай, адилеттүү шарт тузсөк, өлкө казынасына бул тармактан азыркыдан алдаганча арбын акча түшүрө алабыз

Экономикадагы дагы орчундуу маселе – Кыргызстандын айыл чарба өндүрүмдөрүн четке чыгарып, чет өлкөлүк базарларга сатуу. Өкмөт экспортко багытталган продукциялардын көлөмун көбөйтүүнун үстүндө иштеп, бул жаатта дыйкандар менен ишкерлерге колдон келишинче шарт түзүп бериши керек. Айыл чарба, экономика министрлиги, Тышкы иштер министрлиги, айрыкча инвестиция тартууну колуна алган мекемелер элчиликтер аркылуу чет өлкөдөн жаңы багыттарды ачып, жаңы кардарларды тапканга жардам берип, экспорттун көлөмүн көбөйтүшүбүз керек. Ошондо гана Кыргызстанга сырттан валюта кирип, кичине экономиканын өсүшүнө өбөлгө болот. Анын аркасында социалдык маселелердин  чечилишине салымын тийгизет эле.

Бул эми баштапкы багыттар.

– Тоо-кен өндүрүшү жайында соз болуп калбадыбы. Ушундан улам суроо туулду: Чубактын кунундай чубалган “Кумтөр” алтын кенинин тегерегиндеги талаш-тартыштар Кыргызстандын пайдасына чечилет деп ишенсек болобу?

-Албетте, Кумтөр өлкөдөгү көзгө басар алтын кенибиз. Бул алтын кени мамлекетибиздин пайдасына көбүрөөк иштеп, көбүрөөк салым кошушу керек эле. Азыр эми жарыя болгон маалыматтардан улам баарыбызга айгине болду: Кумтөр кениндеги иш көп жылдардан бери тескерисинче болуп келиптир. Бирок, эми деле кеч эмес, мындан ары кенди Кыргызстандын кызыкчылыгына иштетсе болот. Кенди иштеткен канадалык компания жетекчилиги менен кыргыз өкмөтүнүн Женевадагы акыркы сүйлөшүүсү биз үчүн үмүт жаратып тургансыйт. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы чыга элек, ошентсе да, Кыргызстандын мамлекеттик комиссиясынын жетекчисинин айтканына караганда, “Центерранын” чыгып кетишине макул болуп, алар биздин шартка көнө баштагандай түр көрсөткөн. Менимче, өзүбүздөгү жана эл аралык дасыккан күчтүү юристтер, адвокаттык-юридикалык компаниялар менен жакындан иштешип, батыл аракет кылсак, талашты Кыргызстандын пайдасына оодарганга ишеним бар. Албетте, мында коомчулук  сыртта калбай, жалпы кыргызстандыктар өз өкмөтүнүн позициясын жапатырмак колдоого алып турушу керек. Эгер жалпы коомубуз, жалпы эл дагы колдоп турса, “Центерра” менен эл аралык аренада соттошуу, териштирүүлөрдө бул жагдай да сөзсүз пайдасын тийгизиши мүмкүн. Эми ушунчалык баштап алган соң, сөзсүз бул талашты Кумтөр Кыргызстанга көбүрөөк пайда тийгизе тургандай шартта чечүүгө жетишишибиз керек.

-Кумтөрдү биротоло эле улутташтырууга мүмкүнчүлүк барбы?

-Албетте, улутташтыруу – жакшы оокат… Бирок, анын тобокелчиликтери, кооптуу жактары аз эмес. Ошондуктан, талашты адегенде сүйлөшүүлөр жолу менен чечкенге, ортодон мамлекетибиз үчүн оңтойлуу жол тапканга аракет кыла берген жөн. Анан ага такыр болбосо, улутташтыруу жагын дагы карап көрүү керек.

-Азат мырза, Сиз Кыргызстан эгемендүүлүгүнүн башында тургандардын бири болгон көрүнүктүү саясатчы жана чоң илимпоз Абдыганы Эркебаевдин уулусуз. Мындай белгилүү атанын баласы болуунун да өзүнчө жоопкерчилиги бар го дейм?..

-Албетте, Кыргызстаныбыз эгемендүүлүк алып, мамлекет катары түптөлүүсүнө салымын кошкон, баскан жолу өрнөктүү инсандын уулу дегендин өзү менин мойнума чоң жоопкерчилик тагат.  Кыргыз накылында “атадан кем, атага тең, атадан ашык бала болоору” айтылат эмеспи. Бул жагынан алганда, мен Элибиз, Мекенибиз үчүн атадан кем эмес кызмат кылып, жүгүн көтөрүп, ата жолун уласам деген ниеттемин.

Даярдоочу: «Мыйман-Ата» ЖЧКсы. Дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Фрунзе көчөсү, №429б. Буйрутмачы: “Ишеним” саясий партиясы. Нускасы:1 даана. 2021-жылдын 29-ноябрда даярдалды. “Ишеним” саясий партиясынын шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Турдакунова Эльвира Алмазбековна тарабынан төлөндү (Күб.№6, 01.09.2021 ж.).

fakt.kg

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram