МААЛЫМАТ ПОРТАЛЫ

Айсулуу Тыныбекова кичинекей спортчу Жасмин менен жолукту

27.10.2021

Дүйнөнүн эки жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекова таластык кичинекей спортчу Жасмин Арзыбаева менен жолугушту. Бул тууралуу кыздын апасы Зарина Миршакирова билдирди.

Бүгүн Таласта спортчулар Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов, Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы, Жоламан Шаршенбеков жана башкалардын катышуусунда масштабдуу иш-чара өтүүдө. «Айсулуу Тыныбекова саат 13.00дө келди. Биз аны менен таанышып калдык, ал эми Жасмин аны көрдү. Эми алар тамактанганы кетишти. Чемпионубуз келгенден бери кызыбыз анын жанында, абдан бактылуу”,-дейт Зарина Миршакирова.

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram