МААЛЫМАТ ПОРТАЛЫ

УКМК кафеде кызды алдаган жаранды кармады

22.10.2021

Бишкекте өзүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырган жаран кармалды.

УКМК кызматкеринин зомбулугуна кабылганын кыз буга чейин арыз менен кайрылган.

Арызды кароонун жүрүшүндө ал адам убактылуу эч жерде иштебеген Бишкек шаарынын тургуну Н.М. уулу экени аныкталып, УКМКнын кабыл алуу бөлүмүнө алып келинген.

11-октябрдан 12-октябрга караган түнү Н.М уулу аттуу жаран «Шахрезада» ресторанында мас абалында эс алып жатканын, ал жерде мурунку иштеген жеринен таанышы да болгонун айтып түшүндүргөн.

Н.М. уулу Айныкеева менен баарлашуу үчүн ийгиликсиз аракеттерди жасаганын жана тамашалап өзүн УКМКнын кызматкеримин деп тааныштырганын мойнуна алган. Ошол эле учурда Н.М. уулу УКМКнын кызматкери болгон эмес жана кылган ишине өкүнгөнүн айткан.

Учурда Н.М. уулунун аракетине юридикалык баа берүү үчүн материалдар УКМКнын башкы тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди.

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram