МААЛЫМАТ ПОРТАЛЫ

Баткендин тургунун өлтүрүп, ажатканага салып коюшкан

22.10.2021

Баткен районунун Бужум айылында буга чейин изделип жаткан 33 жаштагы кишинин сөөгү өз үйүнүн ажатканасынан табылды.

17-октябрь күнү Баткен районунун Бужум айылында 33 жаштагы тургуну Жигитали Темирбаев үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайрылып келген эмес. Милиция эртеси издей баштайт. Андан көп өтпөй Баткен шаарынан Бужум айылынын 31 жаштагы тургуну И.М. жана анын бир тууган иниси Бужум айылынын тургуну 28 жаштагы Ж.Н.ди  кармашкан.

Жазык кодексинин 130-бер. 2-бөл. 3-п. өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү фактысына квалификациясы өзгөртүлүп, азыркы күндө тергөө иштери уланууда.

Баткен облустук ички иштер башкармалыгы 33 жаштагы Жигиталы Темирбаев буга чейин изделип жатканын билдирген.

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram