МААЛЫМАТ ПОРТАЛЫ

Тажикстандык студенттерге Кыргызстанга кирүүгө уруксат берилди

22.10.2021

Кыргызстанда окуган тажикстандык студенттерге өлкөгө кирүүгө уруксат берилди. Бул тууралуу өкмөт башчынын орун басары Эдил Байсалов “Твиттердеги” баракчасына жазды.

Маалыматка ылайык, Министрлер кабинетинин чечими менен Кыргызстанда окуган тажикстандык студенттерге өлкөгө кирүүгө уруксат берилген.

Байсалов  “Твиттердеги” өз баракчасына  “Бул бир тууган эки элдин ортосундагы достуктун жана ынтымактын эң бекем көпүрөсү” деп жазды.

fakt.kg

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram