Жогорку Кеңештин депутаты Айнура Аскарова Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Акылбек Жапаровго “Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кыздары машыга турчу жайы жок, шарты жок эле Кыргызстандын желегин желбиретип жүрүшөт. Ушуларга машыгуу залын куруп бергенге мүмкүнчүлүк барбы?”,-деп суроо салды.
Акылбек Жапаров кийинки жылы күрөш боюнча дүйнө чемпиондорун даярдоочу залдын курулушун пландап берүүнү убада кылды.
Депутат Камчыбек Жолдошбаев Аялдар күрөш федерациясына өзүнүн Беш-Сары соода борборунан зал сунуштады. “Эртең келсеңер да болот” деди эл өкүлү.