МААЛЫМАТ ПОРТАЛЫ

Камчыбек Ташиев Райым Матраимов барган тойго комментарий берди

13.10.2021

Саламаттыкты сактоо министри аконит ичүүнү сунуштап жатат , башка өкмөт мүчөлөрү барып, өзү кустурган адам менен тойдо бир столдо отурганын көрүп, көптөгөн жаштар өлкөдөн кетүүнү каалашат. Мен сиздерден жакшы үлгү көрсөтүшүңүздү каалайт элем. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев билдирди.

Бекешев эч кимдин атын атабаганы менен, УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев депутаттын сөзүнө жооп берди.

“Раим Матраимов менен бир үстөлдө отурган жокмун, болгону каалоо айтып эле чыгып кеттим. Эгерде аны менен чогуу отурсам дагы, башкаларга салыштырмалуу бюджетке 2 млрд. сом акчасын төктү. Эгерде дагы кылмыш табылса, дагы төгөт”-деди Ташиев.

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram