МААЛЫМАТ ПОРТАЛЫ

Камчыбек Ташиев: “Баш көтөрсө, каралардын башын жанчабыз…”

13.10.2021

Жогорку Кеңештин жыйынында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев депутат Шайлообек Атазовдун суроосуна жооп берип жатып, өлкөдө бир да кылмыштуу топ баш көтөрө албай турганын билдирди.

«Кылмыштуулук боюнча жагдай бир жыл мурда кандай эле, жакшы билесиздер. Бир жыл мурда уюшкан кылмыштуу топтор мамлекетти бүт ороп алган эле. Түштүктө өзүнчө мафиясы бар, түндүктө өзүнчө бар. Кылмышкерлер бири «мыйзамдагы ууру» болуп, бири «положенец» болуп, мамлекетти ороп алды эле. Керек болсо мамлекеттик кызматкерлерге, депутаттарга, мамлекеттик ишканаларга кол сала башташкан. Бүгүнкү күндө андай жок. Азыр бир уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүбү, жетекчисиби, башкасыбы, башын көтөрүп көрсүн жанчабыз», — деди Ташиев.

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram