МААЛЫМАТ ПОРТАЛЫ

Акылбек Жапаров: “Олигархтар болбошу керек, бирок байлар көбүрөөк болушу керек”

13.10.2021

«Эмне өзгөрдү жана эмне өзгөрөт?» деп суроо коюп турасыздар. Менин жообум: биз баарыбыз өзгөрдүк, заман өзгөрдү, доор алмашты. Туптуура бир жыл мурда бурулуш жасалды, эгемендиктин 30 жылдыгында үчүнчү революцияга күбө болдук. Ал окуялардын ар бири тагдырыбызга таасирин тийгизди. Азыр бардык толкундоолордун себептерин каалагандай буруп чечмелесек да, мезгили келгенде тарых өзүнүн баасын берет. Маанилүү факт бар: бир да революциядан кийин мамлекеттүүлүгүбүздү жоготуп алган жокпуз. Кыргыз эли ар бир революцияда сыноолорду жеңе билүү жөндөмүн, эркиндикке болгон кайратын далилдей алды. Мындай пикирин Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында билдирди.

“Менин принципиалдуу позициям – байлар көбүрөөк салык төлөшү керек, бирок алар жумуш орундарын түзсө жеңилдиктерге ээ болушу керек. Дүйнө жүзүндө ушундай

“Менин принципиалдуу позициям – байлар көбүрөөк салык төлөшү керек, бирок алар жумуш орундарын түзсө жеңилдиктерге ээ болушу керек. Дүйнө жүзүндө ушундай. Олигархтар болбошу керек, бирок байлар көбүрөөк болушу керек”, – деди Жапаров.

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram