МААЛЫМАТ ПОРТАЛЫ

Түркияда кыргызстандык келинди кайнатасы өлтүрдү

13.10.2021

Түркияда бир киши Кыргызстандын жаранын мыкаачылык менен өлтүргөн деп шектелүүдөю Бул тууралуу түрк маалымат каражаттары 12 -октябрда жазып чыгышты.

Каргашалуу окуя Текирдаг шаарында болгон. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын маалыматына караганда, 65 жаштагы Фехми кыргызстандык 31 жаштагы келини менен уруша кеткен. Окуя болгон күнү күйөөсү үйдө болгон эмес. Кайната менен келин ортосундагы оозеки жаңжал мушташка айланып, жыйынтыгында эркек кыргыз аялды бычактап өлтүргөн. Келининин сөөгүн жашыруу үчүн аны бөлүктөргө бөлүп салган-анын бир бөлүгүн таштанды челегине ыргытып, экинчисин сандыкка салган. Бул убакта өлтүрүлгөн аялдын кайненеси үйүнө кайтып келген. Эмне болгонун көрүп, ал кошуналарына жардам сурап кайрылган, алар өз кезегинде полиция чакырышкан.

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram