МААЛЫМАТ ПОРТАЛЫ

Сүйүн Өмүрзаков кызматтан кетти

11.10.2021

Бүгүн, 11-октябрда министрдин биринчи орун басары, милициянын генерал-майору Сүйүн Өмүрзаковду ИИМден узатуу аземи болуп өттү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин администрациясынын коргоо, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Адилет Жанузаков, ички иштер министри Улан Ниязбеков, министрдин орун басарлары, башкармалыктардын башчылары катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин администрациясынын коргоо, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Адилет Жанузаков Министрлер Кабинетинин эки тескемеси менен тааныштырды. Биринчиси, ИИМдин биринчи орун басары, милициянын генерал-майору Сүйүн Өмүрзаковдун берген арызына байланыштуу кызмат ордунан бошотулгандыгын жана ИИМдин биринчи орун басарлык кызматына, милициянын полковниги Адыл Бийбосунов дайындалгандыгын билдирди. Адыл Бийбосунов буга чейин ИИМдин Кадрлар башкы башкармалыгын жетектеп келген. Адилет Жанузаков менен Улан Ниязбеков биринчи орун басарды узатуу учурунда Сүйүн Өмүрзаковдун чыныгы профессионал экендигин, 30 жылдан ашуун ички иштер органдарынын катарында үзүрлүү жана татыктуу ишмердүүлүк жүргүзгөндүгүн баса белгилешип, мындан аркы ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди каалады. Ал эми Сүйүн Өмүрзаков өз сөзүндө төмөнкүлөрдү билдирди: “Өз сөзүндө мен министрдин биринчи орун басары катары кызматта олтуруп убактылуу рапортумду жазып шайлоого катышсам деле болмок. Бирок мен жеке кызыкчылыгымды мамлекеттик кызыкчылыктан жогору койбой, шайлоого башка талапкерлер менен бирдей атаандаштыкта калыс катышайын деп чечтим. Ошол себептүү мен Ички иштер министрлигиндеги министрдин биринчи орун басары жогорку кызматымды тапшырып, шайлоого аттандым. Мен үчүн Кыргыз мамлекетине кызмат кылуу менин милдетим жана парзым. Сиздердин ар бириңиздерди кымбат жана даражалуу адам катары баалаймын. Мен адилеттүүлүк үчүн, эл-журтумдун жыргалчылыгын, өнүккөн, гүлдөгөн мамлекетибиздин келечеги үчүн

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram