МААЛЫМАТ ПОРТАЛЫ

Садыр Жапаров 14 жылга кесилген Айбек Калиевге ырайым кылды

17.09.2021

Президент Садыр Жапаров Улуттук энергохолдингдин мурдагы төрагасы — Бишкек ЖЭБди модернизациялоо боюнча козголгон кылмыш ишине күнөөлүү деп табылган Айбек Калиевге ырайым кылды. Бул тууралуу Калиевдин жактоочусу Эрнис Саданбеков билдирди.

Ал бул тууралуу Калиевдин туугандарынан укканын, Калиев учурда абактан бошотулганын белгиледи.

Калиев Петровка айылындагы №8 түзөтүү колониясында камакта болчу. Ал Жогорку сот тарабынан Бишкек ЖЭБди модернизациялоо боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 14 жылга эркинен ажыратылган.

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram