МААЛЫМАТ ПОРТАЛЫ

Бийликти басып алууга шектелген А. Сарыбаев камалды

16.09.2021

Алмаз Сарыбаев бийликти күч менен басып алуу боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында камакка алынган. Бул тууралуу  сайтыбызга ИИМден билдиришти.

Маалыматта ИИМдин тергөө кызматы КР Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси боюнча иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

Бул иштин жүрүшүндө 14-сентябрда Курсан Асанов, ал эми кечээ, 15-сентябрда Алмаз Сарыбаев Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына алынып келинген.

Мындан тышкары, сотко чейинки өндүрүш ишин иликтөө учурунда мурдагы мамлекеттик кызматкерлер, КР ЖКнын мурдагы жана азыркы депутаттары чакыртылып, күбө катары суракка алынган. Учурда тергөө уланууда.

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram