МААЛЫМАТ ПОРТАЛЫ

Бишкекте маршруттук таксинин жол киреси 50% көтөрүлүшү күтүлүүдө. Макулсузбу?

16.09.2021

Бүгүн, 16-сентябрда Бишкек шаардык кеңеши борборубуздагы муниципалдык жана коммерциялык жол кирени көтөрүү маселесин карап жатат. Вице-мэр Русланбек Акылбековдун депутаттарга берген маалыматына караганда, кичи автобустарда жүрүү акысын 15 сомго, ал эми автобус-троллейбустарда жүрүү акысын 11 сомго көтөрүү сунушталды.

Бирок айрым депутаттар жол кирени 50% көтөрүү жүргүнчүлөр үчүн оор болорун белгилеп, бир нече баскыч менен кымбаттатууну сунуштады. Вице-мэр жол кирени 50% көтөрүү учурдун талабы болуп турганын айтты.

“Аргасыздан барып жатабыз. Мындай кылбасак автопаркты талкалап алабыз. Ансыз деле азыр чыгашага иштеп жатышат. Жол киренин аздыгынан кичи автобустар эле эмес, айрым жеке менчик ишканалардын автобустары каттамга чыкпай коюшту”,- деди Акылбеков.

Мэрия Бишкекте жүргүнчүлөрдү ташууга кеминде 1,5 миң автобус зарыл экенин белгиледи. Шаар бийлиги кийинки жылы автобус муктаждыгы жоюларын убада кылды. Вице-мэрдин айтуусунда автобустар көбөйгөндө шаардын борбордук көчөлөрүндөгү кичи автобустар жаңы конуштарга жүргүзүлөт.

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram