МААЛЫМАТ ПОРТАЛЫ

ЭлТР телеканалы президентке жиберилген кайрылууну териштирет

16.09.2021

Мамлекеттик ЭлТР телеканалы өздөрүнүн эфиринен көрсөтүлгөн “Президент Садыр Жапаровго жети облустан кайрылуу түштү” деген материалды териштирет. Бул тууралуу аталган телеканалдын жетекчиси Эрлан Догдурбеков “Азаттыкка” билдирди.

“Азыр ошол боюнча такташып жатабыз, такталгандан кийин кабар беребиз”,-деди Догдурбеков.

14-сентябрда мамлекеттик ЭлТР телеканалы “Президент Садыр Жапаровго жети облустан кайрылуу түштү” деген атайын материал көрсөткөн. Маданият ишмерлери кол койду деген ага үндөш кайрылуунун тексти интернетте тараган. Анда “Туйгуналы Абдраимов, Бакыт Жетигенов, Курсан Асанов, Жанар Акаев, Азамат Мусакеев, Исмаил Исаков, Акматбек Келдибеков, Алтынбек Сулайманов, Жылдызкан Жолдошева ж.б. жарандар “17-сентябрь күнү 100 миң киши алып чыгып, бийликти алмаштырабыз” деп жатканы үчүн аларга чара көрүү талабы жазылган.

Көп өтпөй кагазда аты аталган айрым адамдар кайрылууга кол койбогонун, мазмуну өзгөрүп кеткенин билдирип чыгышкан.

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram