МААЛЫМАТ ПОРТАЛЫ

Мелис Турганбаев суракка чакырылды

16.09.2021

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын экс-төрагасы Мелис Турганбаев Ички иштер министрлигинде сурак берди. Бул тууралуу укук коргоо органдары билдирди. Белгилүү болгондой, мурдагы чиновник бийликти басып алуу ишинде күбө катары чакырылган.

«Мелис Турганбаевдин ысымы социалдык тармактарда тараган аудиожазууда айтылган, анда ички иштер министринин экс-орун басары Курсан Асанов бийликти куралдуу басып алуу жөнүндө айтып жатат. Сурактан кийин Мелис Турганбаев бошотулду. Ал тергөө аракеттери боюнча ачыкка чыгарбоо боюнча келишимге кол койгон »,-деп билдиришти редакциядан.

Эсиңиздерде болсо, бийликти күч менен басып алууга шектелген ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов кармалган. Бул ишке мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен депутат Жанар Акаевдин да тиешеси бар экени белгилүү. Социалдык тармактардагы аудиозаписте Курсан Асанов менен ЗАО “АКБ “Толубай” директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Алмаз Сарыбаевдин сүйлөшүүсү болгон. Анда Курсан Асанов, Жанар Акаев ж.б саясатчылар курал менен бийликти басып алууну көздөгөн. Бирок аудиозапись чын эле эки саясатчыга тиешелүүбү азырынча маалымат жок.

Мындан тышкары сойиалдык тармакта бир нече коомдук ишмерлердин президент Садыр Жапаровго жиберген кайрылуусу тарады. Анда Туйгунаалы Абдраимов, Бакыт Джетигенов, Жанар Акаев, Алтынбек Сулайманов, Исмаил Исаков, Ахматбек Келдибеков, Жылдызкан Джолдошова, Азамат Мусакеев 17-сентябрда 100миң адам топтоп митинг өткөрүүнү пландап жатканы жазылган.

Бул боюнча дээрлик каттагы саясатчылардын көбү ИИМге суракка чакырылды.

Бирок, кайрылуу жиберүүнү демилгелеген Сонунбүбү Кадырова кайрылуунун тексти өзгөртүлүп кеткенин айтып чыкты.

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram