МААЛЫМАТ ПОРТАЛЫ

Контейнердин ордуна салынган мектептин алдыңкы эшигин салбай калышкан

14.09.2021

Нарын районунун Кеңеш айылында контейнерде окуган балдар учун жаны мектеп салынган, 15 -сентябрда жаңы мектептин имаратынын ачылышы болот. Бирок, окуу жылы эртен башталганы турса да куруу иштери аягына чыга элек экен. Орнотуу жана куруу иштери дагы эле жүргүзүлүшү керек, тактап айтканда, алдыңкы кире беришти куруу, электр энергиясын берүү жана башка керектүү деталдарды толуктоо.

10 –сентябрда гана  Архитектура, курулуш, турак жай -коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине караштуу Турак жай жана жарандык курулуш департаментинин Нарын аймактык капиталдык курулуш башкармалыгы 3,5 миллион сомдон ашык курулуш -монтаждоо иштерине тендер жарыялады. Жаңы тендердин себеби билим берүү мекемесинин курулушунун долбоордук сметалык документтеринде бул иштер эске алынбай калган.  

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram