Templates by BIGtheme NET

Казакстандык маданият кызматкерлери кыргыздардан кечирим сурап жатышат

Казакстандык маданият кызматкерлери Маданият жана спорт министри Арыстанбек Мухамедиулынын кыргыздар тууралуу айткан сөзү үчүн кечумочирим сурап жатышат. Бул тууралуу казакстандык интернет басылмалар жазышууда.

“Кечээги министрдин айткан сөзү кыргыз элинин жана өкмөтүнүн кыжырына тийген, талкууга алынган тема болду. Мындай калпыстык үчүн биз кыргыз тараптан кечирим сурайбыз. Маданияты жок министр да болот экен” деп айтылат маалыматтарда.

Эске салсак, Казакстандын Маданият жана спорт министри: «Жашырганда эмне, чынын айтканда, Москвага же башка шаарларга учуп барганда коомдук ажатканаларды биздин кошуналар болгон жаш эле кыздар тазалап жүргөнүн көрүп кейийсиң. Бул албетте, сени адамдык сезимдериңди козгоп, намысыңа тиет. Анын ушундай жапжаш туруп ажаткана жуугудай эмне күнөөсү бар эле. Албетте, өлкөдө иш жок болсо, келечеги жок болсо, көп кыргыздар сыртка кеткенге мажбур болушкан. Чыңгыз Айтматов – залкар жазуучу», – деген болчу.

Мындай билдирүү кыргыз элинин кыжырдануусун келтирип, интернетте азыркыга чейин катуу талкуу жаратып жатат.

fakt.kg

Тема боюнча:  "Дача СУда үймө-үй кыдырышып, коркутушуп, камап башташты"

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful