Templates by BIGtheme NET

Жалал-Абадда кызыл китептеги аюу атылды

Жалал-Абад облусунда Кызыл китепке кирген күрөң аюуну аткан браконьер кармалды. Бул жөнүндө айлана- чөйрөнү коргоо агенттигинин басма сөз катчысы Салайдин Камалов кабарлады.

– 11-майда агенттиктин кызматкерлеКЫЗЫЛ КИТЕПКЕ КИРГЕН АЮУ АТЫЛДЫри Жалал-Абад облусундагы кезектеги рейд маалында күрөң аюунун терисин таап алышты. Күрөң аюу Кыргызстандын Кызыл китебине дагы киргизилип, аны атууга таптакыр тыюу салынган. Браконьерлер үчүн аюунун териси, тырмактары жана дарылык үчүн пайдаланганга азуулары абдан баалуу, – деп кошумчалады айлана- чөйрөнү коргоо агенттигинин басма сөз катчысы Салайдин Камалов.

Салайдин Камаловдун айтымында, Кызыл китепке кирген аюуну аткан браконьер аңчыга 400 миң сом айып пул салынат, же ал үч жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратылып, абакка камалат.

Алишер Токсонбаев

fakt.kg

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful